AVN







АЙЫМДАРГА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ

АЙЫМДАРГА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ
 Mar 6, 2019  777

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин «Дене тарбия жана спорт» кафедрасынын професордук-окутуучулар жамааты жана 1-курсунун студенттери тарабынан, 8-март аялдардын эл аралык күнү менен куттукташты.

Айымдарга арналган концертте ПМТФнын деканы  Р.К. Шамшиев, дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы У.С. Дооронов  сөз сүйлөп жалпы аял затын кутукттап, аларга ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине ийгиликтерди каалап өтүштү.

Концерттин жүрүшүндө саламдашуу, боорду эзген тамашалар, көнүл эргиткен ыр бий жана аскердик, спорттук көрүнүштөрдү  чагылдырышты. Иш чаранын сонунда ар бир эжекеге жана студент кыздарга гүл белекке берилди.

«Жаздай жаркылдаган айымдар, жашоого көрк берип, дүйнөнү кооздоп турушат. Алар ар дайым комкордукка, көңүл бурууга муктаж жана татыктуу. Жаз менен кошо келген айымдардын эл аралык күнү менен жалпы аялзатын куттуктайбыз» - дейт аталган кафедранын окутуучусу Ильяс Алиев.

Жогорудагы концерттик программа 1-курстун кураторлору Алиев Ильяс  жана Медербек уулу Жоомарт тарабынан уюштурулуп, даярдалган.

  • АЙЫМДАРГА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ
  • АЙЫМДАРГА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ
  • АЙЫМДАРГА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ
  • АЙЫМДАРГА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ