AVN







ЖАМУНУН МЫРЗАСЫ КИМ?

ЖАМУНУН МЫРЗАСЫ КИМ?
 Mar 6, 2019  748

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жаштар комитети тарабынан уюшулган «ЖАМУ мырзасы – 2019» кароо сынагында  факультетинин “Юриспруденция” адистигинин  Юк-1-18 тайпасынын студенти Капаров Амантур  “ЖАМУнун мырзасы – 2019” наамына ээ болду. Жаш  уландарды Ата-Мекенди сүйүүгө, эстетикалык табитин жогорулатууга, коомдук жайларда өзүн алып жүрүүгө , элибиздин үрп- адат, каада-салттарын, нарк- насилдерин сактоого, ЖАМУну даңазалоого жана барктоого, достук жана боорукерликке  үндөө шоу сынак   өткөрүлгөн – дейт ЭЮФдун тарбия иштери боюнча декандын орун басары З.А.Кошалиева.  

Сынактын жобосуна ылайык катышуучулар калыстар тарабынан берилген тапшырмаларды аткарышып, татыктуусу номинацияларга ээ болушту. “А. Капаров 1-курстун студенти болгонуна карабай, окуу жайдын коомдук иштерине активдүү катып, үлгүлүү жүрүм-туруму менен башкалардан айрымаланып турат. Келечекте мыкты адис катары элине эмгегин арнап, мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот деген ишеничтебиз” – деген ойду айтты З. Кошалиева.

Аталган адистиктин студенттери жеңүүчүнү жылуу маанайда куттуктап, Юк-1-18 тайпасынын студенти Жеңишбек уулу Баяман төмөнкүдөй ыр саптарын кураган:

Кызыгып кыздар карашты

Атына заты жарашты

АМАНТУР деген бул жигит

Мистер ЖАГУ  аталды

Жалкоолукту билбеген

Намысты колдон бербеген

Группа жана Факультет

Сыймыктанат сен менен!