AVN







МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 Mar 6, 2019  708

     Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинде ата-энелер жыйналышы болуп өттү . Жыйналышты “Жалпы билим берүү жана гуманитардык дисциплиналар ” бөлүмүнүн окутуучулары К.Хайткулова, Н.Байгозуева, Б.Сайдазимовалар уюштуруп ага  Фармация адистигинин биринчи курсунун  студенттеринин ата-энелери катышты.

     Медициналык колледждин директору, б.и.к., доцент А.Эгембердиева бүгүнкү күндөгү окуу жайдын тартиби, студенттердин укуктары, милдеттери, колледждин жалпы эрежелери жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле “Жалпы билим берүү жана гуманитардык дисциплиналар ” бөлүмүнүн башчысы С.Термечикова тайпалардагы окуу төлөмүнүн төлөнүшү жана катышуу, жетишүүсүндөгү артыкчылык, кемчиликтери тууралуу түшүнүк берди. Ата-энелер дагы AVN программасы, модул тапшыруунун эрежелери боюнча суроолорду беришти.

    Андан соң аталарды 5-март ак калпак күнү менен , энелерди жаз 8-март майрамы менен куттуктап чакан  концерттик программа менен коштолгон жагымдуу маанай тартууланды. Ата-энелер колледждеги кабинеттер, материалдык-техникалык база, лабораториялар менен таанышып ыраазы болушту – дейт “Жалпы билим берүү жана гуманитардык дисциплиналар ” бөлүмүнүн башчысы С.Термечикова.

Ата-энелер комитетинин төрайымы Тойгонбаева Б: “Биздин балдарыбыз ЖАМУнун медициналык колледждинде билим алып жатканына сыймыктанабыз жана окуу жай менен тыгыз байланышта иш жүргүзөбүз  ” -деген пикирин билдирди.

 Жыйынтыгында медициналык колледждеги алдынкы студентердин ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

  • МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ