Филология факультетинин Кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасынын студенти Бектеналы кызы Самара дебюттук ачык сабагы болду. Ал мамлекеттик практикасын Сузак районундагы Т.Темирбаев атындагы мектеп-гимназиясында өтөөдө, анын сабагына аталган кафедранын окутуучулары күбө болушту. Бул тууралуу кафедра башчы Дилбар Чокоева билдирди.
Бектаналы кызы Самара КТ-1-15 тайпасынын студенти, ал 7-класстарга Ж.Мамытовдун "Буурул түндүн жомогу" ( жыйынтыктоочу сабак) деген темада интерактивдүү метод менен ачык сабак өтүп берди. Сабакка окуучулар активдүү катышып, суроолорго жооп берип отурушту. “Биздин адистикетен билим алган жаштардын басымдуу бөлүгү келечекте мектептерде эмгектенишет. Андыктан практикага орто мектептерге чыгып, алгачкы тажрыйбаларын алышат” – дейт Д. Чокоева.
Белгилей кетсек, практиканттын ачык сабагына кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Д.Чокоева, улук окутуучу А.Шерипбаев, усулдук жетекчиси улук окутуучу А.Токурова жана мектептеги жетекчиси кыргыз тили жана адабияты мугалими М.Эшимканова катышты.
Окуучулардын сабакка кызыгуу менен активдүү катышканын жана Самаранын сабакты кызыктуу интерактивдүү метод менен өткөнүн, убакытты туура пайдаланганын көрүп, кафедранын окутуучулары практиканттын сабагын жакшы деп баалашты жана сунуштарын беришти.