AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЫКТЫ ДЕМИЛГЕЧИ

ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЫКТЫ ДЕМИЛГЕЧИ
 Mar 5, 2019  833

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3 студенти «эң мыкты виртуалдуу демилге» деген номинацияна ээ болушту.  Saferworld жана Эл аралык толеранттуулук үчүн фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Толеранттуулук жана демократия элчилери» демилгеси алкагында Бишкек шаарында салтанаттуу кече болду. Ага ЖАМУнун тарых кафедрасынын студенттери Зиябиддин уулу Искендер, Султанова Курманжан жана Исмаилова Айсана  катышып келишти.

И. Зиябидин уулунун айтымында  Saferworld жана Эл аралык толеранттуулук үчүн фонду  аймактарда жаштарды өнүктүрүү максатында бир катар иш-чараларды уюштурган. “Жаштардын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, айыл жергесиндеги жаштардын билимин жогорулатып, дүйнө таанымын кеңейтип жана достук мамилесин чыңдоого багытталган иш-чаралар уюштурулуп келген. Алага биз активдүү катышып, «Лидери среди нас, а будущее за нами» деген демилгени ийгиликтүү ишке ашырдык” – дейт ал.

 Бишкек шаарында аталган фонддор  жылдын эң мыкты демилгелүү топторун аныктоо  жана сыйлык тапшыруу аземин уюштурган. Аземде  2018-жылдын «эң мыкты виртуалдуу демилге» деген номинация ЖАМУнун студенттерине ыйгарылды.

Эске сала кетсек, жогорудагы иш-чараларга түштүк аймагынын жаштары катышышты.  Бул иш чара Евросоюз тарабынан каржыланат.

  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЫКТЫ ДЕМИЛГЕЧИ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЫКТЫ ДЕМИЛГЕЧИ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЫКТЫ ДЕМИЛГЕЧИ