AVN







"АК КАЛПАК – АЛА-ТООНУН СИМВОЛУ"

 Mar 5, 2019  3254

Ак калпак кылымдарды карыткан кыргыз элинин улуттук  баш кийими,анын жаралуу тарыхы элибиздин басып өткөн жолу менен тыгыз байланыштуу. Мындай ойду  Юриспруденция адистигинин Юк-1-17 тайпасынын куратору Б.К.Каратаева 5-март "Ак калпак күнүнө" карата "Ак калпак – Ала-Тоонун символу" деген темада ачык куратордук саат учурунда билдирди.
Ачык куратордук сааттын максаты студенттерди  мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка, улуттук маданий мурастарыбызды көздүн  карегиндей сактоого тарбиялоо.

Ак калпагыбыз ак карлуу Ала-Тоону элестеткен, бийиктикти билдирген касиети бийик баш кийим. Аны улуттук символдорубуздун бири катары кабыл алып, сыймыктанышыбыз керек. Эзелтен элибиз калпактын өңүнө, тигилишине карап, кийген адамдарды карап анын ким экенин билишкен. Кыргыз элинин даанышман, көрөгөч эл экенин алардын кийген кийиминен, бизге калтырган мурастарынан билишибиз керек” -   деп  билдирди кафедра башчы Алымкулов Б.Н.

Ар бир кыргыздын уул-кызы өз улуту менен сыймыктанып, аны жакшы сапаттары менен, үрп-адат, каада-салттары менен дүйнөгө таанытышы абзел. Келечек ээлери элибизди ааламга жакшы сапаттары менен таанытып, кыргыздын кыйындыгын даңазалоо парзыбыз деген ойлор ачык сабак учурунда айтылды.