AVN







МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Mar 4, 2019  743

Жалал-Абад шаарындагы “Эркиндик” борбордук аянтында 3-март Мамлекеттик туу күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болду. Ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору баштаган жалпы эмгек жамаат жана студенттер катышышты.

Салтанатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттуктоо сөз айтып, мамлекеттик туу көз карандысыздыктын, патриоттук, биримдик, мекенге болгон сүйүүнүн символу экенин белгилешти.

Ар бир Кыргызстандын жаранымын деген адамдын көкүрөгүндө мекенге болгон сүйүү, патрионттук сезим жашаш керек. Биз тарбиялап жаткан жаш муун улуттун символу болгон туубузду асманда желбиретип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот. Мындай иш-чараларга катышуу менен аларда мекенге болгон сүйүү, биримдик, алдыга умтулуу сезимдери ойгонот” – дейт ЖАМУнун социалдык иш жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова.

  • МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ