AVN







"ЖАМУ МЫРЗАСЫ - 2019 "

 Mar 4, 2019  827

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде билим алып жаткан мырзалардын арасында “ЖАМУ мырзасы – 2019” аттуу сынак болду. Аталган сынакка факультеттердин тандалып алынган 8 студент катышты.

 Шаирбек уулу Ырысбек. Экономика жана юридика факультети;

 Калдаров Абдугул. Педагогика жана маалымат технологиялар факультети;

 Капаров Амантур. Экономика жана юридика факультети;

 Мейманбаев Сыймык. Медицина колледжи;

 Кубаныч уулу Абдырахман. Филология факультети;

 Айбек уулу Адилет. Жалал - Абад колледжи;

 Данияров Абдурахман. Табигый - техникалык факультети;

 Манас уулу Семетей. Медицина колледжи. 

Ал эми калыстар тобунун курамында ЖАМУнун мамлекеттик тил  жана социалдык иш  боюнча проректору Доранова А.Д,  Маданий-эстетикалык борборунун  окутуучусу Шамуратов Н.,  Ernis costumes, ЖАМУнун бутуруучусу К. Орозов, Sabina фотостудия,  7-канал жана ЖМТРКнын атайын өкүлдөрү болушту.

ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрайымы Алтынай Базарбайдын берген маалыматында сынак  төрт бөлүктөн турган.

1.  Мен кыргыздын жигити (улуттук форма);

2.Чымыр дене (аскердик бөлүк);

3.Менин талантым;

4. Дефиле(кечки жолугушуу) ар бир берилген тапшырмаларды катышуучулар мыкты деңгээлде аткарышта – дейт А. Базарбай .

Сынак  ЖАМУнун таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа менен коштолду.

 Жыйынтыгында Шаирбек уулу Ырысбек, Калдаров Абдугул, Мейманбаев Сыймык, Данияров Абдурахман- сынакка  активдүү катышкандыктары үчүн дипломдор менен сыйланышты. "Мистер талант-2019" номинацисынын ээси Айбек уулу Адилет; "Мистер зрительских симпатий-2019" Кубаныч уулу Абдырахман; "Вице-мистер ЖАГУ-2019" Манас уулу Семетей;  ал эми "Мистер ЖАГУ - 2019 " номинацисынын ээси болуп Капаров Амантур аныкталды.

Женүүчүлөргө  демөөрчүлөрдөн атайын белектер берилди. Эскерте кетсек биздин демөөрчүлөр: @ernis_costumes_jalal_abad @sabinaphotostudio @7kanal_official