AVN







АЗЫРКЫ МЕЗГИЛДЕГИ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨНҮН УСУЛДАРЫ

АЗЫРКЫ МЕЗГИЛДЕГИ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨНҮН УСУЛДАРЫ
 Mar 1, 2019  711

Үстүбүздөгү жылдын 26-февраль күнү Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасында «Азыркы мезгилдеги илим изилдөөнүн усулдары» аталышында илимий семинар өткөрүлдү. Семинар аталган кафедранын демилгеси менен уюшулганын айтат кафедра башчы Гулжамал Токтогулова.

Илимий семинардын атайын коногу техника илимдеринин доктору, профессор А.А. Аширалиев болду. «Азыркы мезгилдеги илим изилдөөнүн усулдары» деген темада баяндама жасап, кафедранын жаш изденүүчүлөрүнө илим изилдөөнүн усулдары жөнүндө кеңири маалымат берип, илимдин маанилүүлүгү жана зарылдыгы жөнүндө айтып өттү. Семинар суроо-жооптор менен коштолуп, катышуучулар кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Иш-чарага профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын социалдык иш адистигинин студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы катышты.

“Профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасында бир изденүүчү эмгектенет. Изденүүчү  Ырысгүл Кожоназарова учурда ЖАМУнун аспирантурасында билим алып, илимин өркүндөтүүдө. Жаш илимпоздорду окуу жай жетекчилиги тарабынан ар тараптуу колдоо болуп келет жана жаштардын илимге тартылганы албетте бизди кубандырат” – дейт           Г. Токтогулова.

  • АЗЫРКЫ МЕЗГИЛДЕГИ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨНҮН УСУЛДАРЫ
  • АЗЫРКЫ МЕЗГИЛДЕГИ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨНҮН УСУЛДАРЫ