AVN







ЖАТАКАНА ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ПИКИР АЛМАШЫЛДЫ

ЖАТАКАНА ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ПИКИР АЛМАШЫЛДЫ
 Mar 1, 2019  694

ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору университеттин №1 жатаканасында болуп келди. Ал жатаканадагы абал, студенттерге түзүлгөн шарттар, жатакананын комендантынын, студенттик кеңештин жылдык жана календардык иш-пландарга киргизилген тарбиялык жана башка иш-чаралардын аткарылышы боюнча пикир алышты.

Проректор Айгул Доранованын айтымында окуу жайдын жатаканасына негизинен эң биринчи социалдык жардамга муктаж (тоголок жетимдер, майыптар, жашоо шарты оор, ж.б.) студенттер жайгаштырылат. Жатаканада студенттердин жашоосу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ар  бир этажда тамак даярдоочу ашкана  үч камфорлуу электр плитасы, стол жана стулдары менен,  душ, кир жуучу бөлмөлөргө  кир жуучу автомат машинасы орнотулган. Эс алуу жайы, окуу залы уюштурулуп тиешелүү эмеректер менен жабдылып, жасалгаланган.  

Студенттин билимин жогорулатып, дүйнө таанымын кеңейтүүдө китеп, гезит-журналдар жана сыналгы жардамга келет. Андыктан окуудан кийин бош убактыларын текке кетирбесин деген максатта бардык шарттар түзүлүп берилген” – дейт А. Доранова.

Азыркы күндө жатаканада 300 студент жашап жатат. Мындай байланыш, биргеликте иш алып баруу такай болуп келет. Студенттин тескери жолго түшүүсүнө, окуусун таптап салуусуна жол бербөө максатында иштер жүргүзүлүп келээрин кошумчалады.

  • ЖАТАКАНА ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ПИКИР АЛМАШЫЛДЫ
  • ЖАТАКАНА ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ПИКИР АЛМАШЫЛДЫ
  • ЖАТАКАНА ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ПИКИР АЛМАШЫЛДЫ