AVN







СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН, ДОСТУКТУН БАШАТЫ

СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН, ДОСТУКТУН БАШАТЫ
 Feb 28, 2019  742

«Ата-Мекенди коргоо» күнүнө карата «Электр менен камсыздоо», «Электр станциялары, тармактар жана системалар» тайпаларында окуган студенттердин арасында футбол жана кол күрөш  боюнча  спорттук мелдеш өткөрүлдү.

Мелдештин максаты студенттерди сергек жашоого үндөө, спортко кызыктыруу жана тайпалар арасында достукту бекемдөө.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду ЭСк-01-18 тайпасынын футбол командасы ээлеп, команда I даражадагы диплом, кубок  менен ал эми оюнчулары медалдар менен сыйланды. Ошондой эле 2-орунду ЭСк-2-17 тайпасынын футбол командасы, 3-орунду ЭСк-2-16 тайпасы ээлеп, аларга II-III  даражадагы диплом менен сыйланды.

Оюндун жүрүшүндө өзүнүн футбол боюнча чеберчилигин көрсөткөн ЭСк-01-18 Абдибаитов Сталбек, Алишер уулу Азимжан жана ЭСк-2-16 Назаров Расулга "Мыкты оюнчу" номинациясы ыйгарылды.

Ал эми кол күрөш боюнча I-II-III даражадагы дипломдор 1-2-3-орун боюнча медалдар берилди. Студенттердин арасынан билеги күчтүү жигиттер

1- орун ЭССк-01-17 тайпасынан  Акматов Баймырза,  2- орун ЭСк-2-16 тапасынан Кубанычбеков Алманбет, 3-орун ЭСк-01-18 Урустомбеков Дөөлөт  аныкталды.

  • СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН, ДОСТУКТУН БАШАТЫ
  • СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН, ДОСТУКТУН БАШАТЫ
  • СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН, ДОСТУКТУН БАШАТЫ
  • СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН, ДОСТУКТУН БАШАТЫ
  • СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН, ДОСТУКТУН БАШАТЫ
  • СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН, ДОСТУКТУН БАШАТЫ