AVN







КУУДУЛДАР КОЛДОЙТ БААТЫРЫН

КУУДУЛДАР КОЛДОЙТ БААТЫРЫН
 Feb 28, 2019  771

Экономикалык-юридикалык факультетинде Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эрдигине арналган “Куудулдар колдойт баатырын” аттуу концерт болду. Концерт  республикага белгилүү болгон “Беш тапан” куудулдар тобунун тамашалары менен коштолду дейт тарбия иштери боюнча декандын  орун басары  З.А.Кошалиева.

Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эрдигин камтыган “Баатыр баяны” даректүү көркөм тасмасын тартуу  иштери жүрүүдө. Ага ылайык мекеме-ишканалардын колдоосу менен аталган концертти уюштуруудабыз – дейт тасманын режиссеру А.Айылчиев.

“Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилигине, жалпы жамаатына жана студенттерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Тарыхты жана ата-бабалардын эрдигин баалап, жардамга кол сундуңуздар. Т.Тайгараев Жалал-Абад аймагында жарык дүйнөгө келгени менен, жалпы совет элинин баатыр уулу, биздин сыймыгыбыз” – деди режиссер.

Эске салсак, аталган концерт университетте эки күн акысыз болуп, студенттерге “Беш тапан” куудулдар тобунун чыгармачылыгы тартууланды. Азил чыны аралаш айтылган куйкум сөздөрдөн жаштар таасирленишет, тарыхыбызды, кандуу майданда кан кечип, жыргал жашоону тартуулаган ата-бабаларыбыздын эрдигин билишет. Жаштарды илим, билим берүү менен эле чектебей, жан дүйнөлөрүн азыктандыруу да зарыл экенин баса белгилешет уюштуруучулар.

  • КУУДУЛДАР КОЛДОЙТ БААТЫРЫН
  • КУУДУЛДАР КОЛДОЙТ БААТЫРЫН
  • КУУДУЛДАР КОЛДОЙТ БААТЫРЫН
  • КУУДУЛДАР КОЛДОЙТ БААТЫРЫН
  • КУУДУЛДАР КОЛДОЙТ БААТЫРЫН