AVN







«КЕЛ БИРГЕ КИТЕП ОКУЙБУЗ»

«КЕЛ БИРГЕ КИТЕП ОКУЙБУЗ»
 Feb 28, 2019  1166

ЖАМУнун  медициналык колледжинин “Жалпы билим берүү  жана гуманитардык дисциплиналар”  бөлүмүнүн  1-курстары  Фармация жана  Медайымдык иш адистиктери менен «Кел бирге китеп окуйбуз» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарды мед.колледждин илимий иштер боюнча жетекчиси С.М. Боркошова ачып берди.

Семинарда  Бишкек шаарынан келген «Дилазык» басма үйүнүн  кызматкерлери баяндама жасашты.

  «Дилазык» басма үйүнүн  кызматкери «Чарыяр» китебинин түзүүчүсү     С.К. Идрисов  сөз сүйлөп,    Жалпы Республикалык 2019-жылы ОКУ! долбоорунун  алкагында «Окуган эл - озот» аттуу китеп окуу конкурсу жарыяланганын айтып, ага катышууну үндөдү.    

 «Дилазык» басма үйүнүн жетекчисинин орун басары М.О.  Жумалиев китеп  окуунун коомдогу, жашообуздагы чыныгы инсан  болуп калыптануудагы  тийгизген  таасирин,  маанисин айтып «Манас » эпосу жөнүндө  слайд  аркылуу  ооз  эки  кенен маалымат берди. 

Жалал-Абад шаарындагы студент жаштар  жашап,  билим алып тарбияланып жаткан «Илим ордо» жатаканасынын  мүдүрү  Ө. Шамшиев  ушул конкурс бир жылда бир жолу өткөрүлөт, бирок биз жаштар ар күн сайын убактыбызды текке кетирбей китепти көп окуп, мекенибизди өнүктүрүүгө, күчтүү  мамлекет болуп өнүгүүбүзгө  салым кошууну билишибиз  зарыл деген ойду айтты.

Фарм-1-18 тайпасынын студенти Карабаев Б. “Дилазык басма үйүнүн кызматкерлерине студентердин атынан каалоо тиликтерин айтып ыраазычылыктарын билдирди. ”Семинарга Жалпы билим берүү  жана гуманитардык дисциплиналар бөлүмүнүн  бөлүм башчысы Термечикова Сейил, Медициналык колледждин илимий иштер боюнча жетекчиси  Боркошова Сабира жана Сайдазимова Барно Анарбековналар катышты.