AVN







АКЫЛДУУ ЭНЕРГЕТИК АНЫКТАЛДЫ

АКЫЛДУУ ЭНЕРГЕТИК АНЫКТАЛДЫ
 Feb 28, 2019  697

Жалал-Абад колледжинде  «Ата-Мекенди коргоо» күнүнүн урматына «Электр менен камсыздоо», «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистиктеринде окуган студенттердин арасында «Кана эмесе энергетиктер» кароо-сынагы болуп өттү.

Кароо-сынак     студенттер арасында достукту, ынтымакты чыңдоо, Ата-Мекенди сүйүп, кадырлоого жана таланттуу, шыктуу студенттерди эл алдына алып чыгуу максатында  өткөрүлдү – дейт колледждин Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Т.Маматумаров.

Анда, студенттер  “Электр менен камсыздоо” жана “Электр станциялар, тармактар жана системалар” адистиктери арасында түзүлгөн топтор таймашты. Программа бонча саламдашуу, адистик боюнча тапшырма,  ыр, гиря көтөрүп күч сынашуу, бий  конкурсу болду. Жыйынтыгында жеңген команадаларга I-II-III даражадагы дипломдор жана  өзгөчөлөнгөн студенттер үчүн номинациялар берилди.

1-орунду ЭСк-01-17 тайпасынын “Достук” командасы, 2-орунга ЭСк-2-16-тайпасынын “Георг Ом” командасы, 3-орунду ЭССк-01-17 тайпасынын “Шайыр энергетиктер”  командасы ээлешти. Мындан сырткары калыстар тобу тарабынан өзгөчө активдүү катышуучуларга номинациялар ыйгарылды: “Шайыр энергетик” номинациясына ЭССк-01-17 тайпасынын студенти Ахмедов Дастан, “Акылдуу энергетик” номинациясы ЭСк-2-16-тайпасынын студенти Кубанычбеков Алманбетке сыйгарылды. “Мыкты ыр” номинациясын  ЭСк-2-16-тайпасы хор ырдап жеңип кеттишти. 

  • АКЫЛДУУ ЭНЕРГЕТИК АНЫКТАЛДЫ
  • АКЫЛДУУ ЭНЕРГЕТИК АНЫКТАЛДЫ
  • АКЫЛДУУ ЭНЕРГЕТИК АНЫКТАЛДЫ