AVN

ЖАМУнун РЕКТОРУ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ЖАМУнун РЕКТОРУ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
 Feb 28, 2019  1024

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, т.и.д., профессор Кеңешбек Усенов студенттер менен жолугушту. Анда жаштар окуу жайдын жетекчисине кызыктырган суроолорун берип, жеринде жооп ала алышты.

Жолугушуу ПМТФнын Р.Абдыкадыров атындагы чон жыйындар залында  болуп,  ачык форматта өткөрүлдү. Ага факультеттердин, колледждердин алдынкы студенттери келип катышышты. 

ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрайымы Алтынай Базарбайдын маалыматына ылайык, студенттер өз факультеттеринде жана жалпы эле университетте болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө айтып, суроолорду берип жооп алышты.

Ар бир студент билим алып жаткан окуу жайынын тарыхын, жетишкен ийгиликтерин билүүгө тийиш. Бул күнү жаштар бардык маалыматтарга ээ боло алышты жана ректор менен эркин баарлашып, пикир алмашышты. Ошондой эле окуу жайда жаштардын билим алуусуна кандай шарттар түзүлгөнүн, алдыда аткарылчу жумуштар туурасында т.и.д., профессор К.Ж. Усенов студенттерге айтып берди” – дейт А. Базарбай.

Эске салсак, буга чейин окуу жайдын ректору проректорлор менен биргеликте жалпы профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуп, сунуш пикирлерин жеринде угуп, суроолоруна жооп берген.

  • ЖАМУнун РЕКТОРУ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ