AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ЧЕМПИОНДУК НААМГА ЭЭ БОЛДУ

ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ЧЕМПИОНДУК НААМГА ЭЭ БОЛДУ
 Feb 28, 2019  609

Бишкек шаарында ушул жылдын 20- 24 февралында болуп өткөн Советтик союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын ээлесине арналган 42 - эл аралык бокс боюнча турниринде ЖАМУнун  ДТ-1-16 тайпасынын студенти Абдурахман Абдурахманов 1-орунду багындырды. Мындай маалыматты Дене-тарбия кафедрасынын башчысы Ильяс Алиев билдирди.

ЖАМУнун студенти Абдурахман Абдурахманов 67 кг салмак категориясында күч сынашып, 8 атаандашын жеңип, чемпиондук наамга ээ болду. “А. Абдрахманов Кыргыз Республикасынын спорт чебери, ал буга чейин 2017-жылы Азия оюндарынын чемпионатына катышып, 3-орунду багындырган. Биздин окуу жайда жетекчилик тарабынан спортко отө чоң көңүл бурулуп, колдоо көргөзүлүп турат. Натыйжада студенттер бир катар ийгиликтерди жаратып, университеттин атын даңазалап жатышат, алар менен ар убак сыймыктанабыз ” – дейт И. Алиев.

Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган 42-эл аралык бокс турнирине Россия, Казакстан, Өзбекистан, Таджикистан, Армения республикаларынан жалпы 67 кг салмак категориясынан 24   спортчу катышкан.

  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ЧЕМПИОНДУК НААМГА ЭЭ БОЛДУ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ЧЕМПИОНДУК НААМГА ЭЭ БОЛДУ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ЧЕМПИОНДУК НААМГА ЭЭ БОЛДУ