AVN







БҮТҮРҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

БҮТҮРҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Feb 28, 2019  626

Профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын  социалдык иш адистигин аяктаган бүтүрүчүлөр менен жолугушу уюштурулду.

Иш-чара Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинде болуп өттү. Жолугушуга СКк-1-03, СКк-1-07, СКк-1-09, СКк-1-13, СКк-1-14 тайпаларынын бүтүрүүчүлөрү жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

                Жолугушууда ишке жайгаштыруу, жумуштагы көйгөйлөр, окуу программасына болгон сунуш пикирлер талкууланды – дейт аталган кафедранын башчысы Гулжамал Токтогулова.

СКк-1-14 тайпасынын бүтүрүүчүсү Кочкорова Айтурган Сузак райондук жаза аткаруу инспекциясында социалдык кызматкер болуп иштеп жаткандыгын, кесип тандоодо адашпагандыгын, социалдык иш көп тармактуу, келечекте өнүгө турган багыт экендигине токтолуп, билим алган университетине, адис чыгарган кафедрага ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга келген бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик баары иш менен камсыз булушкан.Алар менен  дайыма тыгыз байланышта кызматташып, биргеликте кадр даярдоо саясатын жүргүзүү аракеттери көрүлүп келгенин баса белгиледи Г. Токтогулова.

Белгилеп кетсек социалдык иш адистигин жалпы 300дөн ашуун бүтүрүүчү аяктаса азыркы убакта 40 студент окуп жатат.  

  • БҮТҮРҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • БҮТҮРҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • БҮТҮРҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • БҮТҮРҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • БҮТҮРҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • БҮТҮРҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • БҮТҮРҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ