AVN







“БУЛЧУҢ СИСТЕМАСЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ, КЫЗМАТЫ ЖАНА КУРАКТЫК ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ”

“БУЛЧУҢ СИСТЕМАСЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ, КЫЗМАТЫ ЖАНА  КУРАКТЫК ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ”
 Feb 26, 2019  6202

Табийгый-техникалык факультетинин Биология кафедрасынын окутуучусу Б.Жээнбекова Х-1-16 тайпасына “Курактык анатомия, физиология жана гигиена” предметинен “Булчуң системасынын түзүлүшү, кызматы жана  курактык өзгөчөлүгү”аталышындагы практикалык ачык саат өттү.

Ачык сабакка үч маселе коюлган:

а) Булчуң системасынын  түзүлүшү жана кызматы.

б) Булчун системасынын курактык өзгөчөлүгү.

  в) Булчун системасынын оорулары.

Сабак интерактивдүү усулдарды колдонуу менен өтүлүп, түрдүү көрсөтмө каражаттарды колдонуу менен темага  түшүндүрмө берилди. Студенттерди 3- топко бөлүп, ар бир топко текст таратылып,  демонстрациялоону сунуштады.

I-топ Булчуң системасынын  түзүлүшү жана кызматы.

II-топ Булчун системасынын курактык өзгөчөлүгү

III- топ Булчун системасыныноорулары.

Бул сабакта  ар бир топтун студенттери берилген тексти демонстрациялоо менен, кишинин денесинде түрдүү формадагы жана түзүлүштөгү булчуң эттер болушун, булчуңдар чоюлууга, кыскарууга, жооноюуга, ичкерүүгө жөндөмдүү болуу менен денени тик абалда сактоодо да булчуңдардын кызматы чоң экенин о.э. булчуңдун түзүлүшү, курактык өзгөчөлүгү жана булчуң оорулары жөнүндө кеңири маалыматка ээ болушту.

 Б.Жээнбекова студенттердин билимин бышыктоо иретинде төмөкүлөрдү кошумчалады. Сегиз жаштагы баланын булчуң эти анын жалпы салмагынын 27% ын, ал эми 15 жашка толгондо 33% га чейин өсөрүн,  бала бойго жеткенде бул салмак 35 - 40% га чейин  көбөйөрүн.Ымыркай баланын булчуңдарында кан тамырлар менен нервдер жетиштүү болгону менен бириктиргич ткандар начар өөрчүгөнүн жана бара-бара жипчелери жооноюп, булчуңдар өздөрүнүн туруктуу түрлөрүнө айланарын айтты. Ошондой эле киши улгайган сайын анын булчуң системасы акырындап алсызданып, салмагы 30%га чейин азаярына да токтолуп өттү

Б.Жээнбекова кишинин булчуң системасы да ооруга чалдыгат деп сөзүн улады. Мисалы, зат алмашуусу бузулганда, сезгенүү процессинде, шишик пайда болгондо, травмада, ири артериялар бүтөлүп калганда анын тегерегиндеги булчуң тканы бузуларын эскертүү менен ар бир инсан өзүнүн организмине кам көрүүнү жаш адистерге үйрөтүү менен ден соолугубуз үчүн кам көрөлү деген максата  ачык сабак уюштурганын кошумчалай кетти .

  • “БУЛЧУҢ СИСТЕМАСЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ, КЫЗМАТЫ ЖАНА  КУРАКТЫК ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ”
  • “БУЛЧУҢ СИСТЕМАСЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ, КЫЗМАТЫ ЖАНА  КУРАКТЫК ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ”