AVN







МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Feb 26, 2019  682

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кыргыз тили кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору И.Абдувалиев Сузак районундагы Т.Темирбаев атындагы №6 гимназиянын директору Ж.Шамшиева, окуу бөлүмүнүн башчысы Г.Ташиева, Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын директорлор усулдук кеңешинин төрагасы, тажрыйбалуу тилчи А.Авазовдор менен жолугушуу уюштурду.

Мектеп директору Ж.Шамшиева иш берүүчү жана кыргыз тили, адабияты мугалими катары кыргыз тили жана адабияты профилиндеги бакалаврды даярдоо боюнча иштелип чыккан негизги билим берүү программасында заманбап бүтүрүүчүлөрдү даярдоого басым жасалып жаткандыгын, бул багыттагы иш-чараларды толук колдоорун билдирди.

Кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доцент Г.К.Бакированын айтымында аталган гимназияда көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатышкан кесиптештер менен буга чейин да жолугушуулар уюштурулган. Алардын жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун көйгөйлөрү, окутууга бөлүнгөн сааттар, жалпы республикалык тестилөө (ЖРТ) тууралуу ортого сала турган ойлору арбын.

  • МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ