AVN







«БИЗ СИЗДЕР МЕНЕН СЫЙМЫКТАБЫЗ»

«БИЗ СИЗДЕР МЕНЕН СЫЙМЫКТАБЫЗ»
 Feb 26, 2019  635

Экономикалык-юридикалык факультетинин «Экономика жана бухгалтердик эсеп» кафедрасында,  факультеттин деңгээлинде 23-февраль “Ата Мекенди коргоо” жана 15-февраль Ооган Республикасынан советтик аскерлерди алып чыгуусунун 30 жылдыгына карата, иш чара уюштурулду.

Иш чарага Ооган согушунун ардагерлери Ш.Нурдинов, К.Сабиров, М. Мамытов,  экономикалык-юридикалык факультетинин деканы э.и.д., профессор А.Аскарова, кафедра башчылар, факультеттин профессордук- окутуучулар курамы жана студенттер  катышышты.

           Куттуктоо сөзүндө ЭЮФтун деканы профессор А.Аскарова – Ооган согушунда ооганчы – жоокерлер өз моюндарына тагылган интернационалдык милдетин абийирдүүлүк менен аткарганын, мунун баары азыркы жаш муун үчүн өзгөчө сабак болуш керек экендигин, баса белгилеп кетти.Аны менен биргеликте ЭЮФтун мырзаларын куттуктап, белектерин тапшырды.

Иш чарада Ооган ардагерлерине арналып студенттер тарабынан концерттик программа жана белектер тартууланды.  – дейт кафедра башчы Э.Н.Төлөнов.

Учурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 4 Ооган согушунун ардагерлери эмгектенет. Аларга арналып, ар жылы майрамдык концерт уюштурулуп, сыйлыктар ыйгарылып келет.

  • «БИЗ СИЗДЕР МЕНЕН СЫЙМЫКТАБЫЗ»
  • «БИЗ СИЗДЕР МЕНЕН СЫЙМЫКТАБЫЗ»
  • «БИЗ СИЗДЕР МЕНЕН СЫЙМЫКТАБЫЗ»
  • «БИЗ СИЗДЕР МЕНЕН СЫЙМЫКТАБЫЗ»
  • «БИЗ СИЗДЕР МЕНЕН СЫЙМЫКТАБЫЗ»