AVN







ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ

ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
 Feb 26, 2019  594

Ооган Республикасынан Советтик аскерлерди алып чыгуунун 30 жылдыгына карата ЖАМУда иштеген Ооган согушунун ардагерлерине жана 

 “23-февраль Ата  Мекенди коргоочулар күнүнө” карата ЖАМУнун профессордук – окутуучулар курамына жана кызматкерлерине арналган салтанаттуу жыйын жана  концерттик программа болуп өттү.

ЖАМУнун ректору т.и.д., профессор, КРныны инженердик академиясынын академиги,  КРныны илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Ооган согушунун ардагери Усенов Кеңешбек Жумабекович жалпы жамаатты кызуу куттуктады.

Жалпы жамаатты Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктайм! Мамлекетибизде тынчтык болуп,өлкөбүз өркүндөп өссүн. Биздин окуу жайда өз өлкөсүн сүйгөн, анын өнүгүшүнө салымын кошчу жаштар тарбияланууда. Сиздер аларга татыктуу тарбия берип, туура жол көргөзүүдөсүздөр. Ар бириңиздердин эмгегиңиздер өзүнчө мактоого арзыйт жана окуу жайда, коомдо өз ордуңуздар бар” – деген ойду айтты.

            Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө университеттин маданий-эстетикалык борборунун вокал, фольклор жана комуз, бий багытындагы адистери даярдаган кенен концерттик программа тартууланды. Концерттик программа университеттин адистиктеринде окушуп, ийримдерге катышып жүрүшкөн студенттер тарабынан даярдалып, иш-чаранын ажаарын ачкан тематикалык маанилүү, мазмундуу номерлер менен толукталган.

  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ
  • ӨЗ ӨЛКӨСҮН СҮЙГӨН ЖАШТАР ӨСҮҮДӨ