AVN







ИЙРИ ОТУРУП, ТҮЗ КЕҢЕШҮҮ

ИЙРИ ОТУРУП, ТҮЗ КЕҢЕШҮҮ
 Feb 26, 2019  685

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович  бардык колледждердин профессордук-окутуучулук курамыжана кызматкерлер  менен жолугушту.

Жолугушуу суроо-жооп түрүндө өтүп, анда жалпы жамаатка окуу жайдын жетишкендиктери, алдыда аткарылчу иштер жөнүндө маалыматтар берилди. Ошондой эле профессордук-окутуучулук курам өздөрүн кызыктырган суроолорун жетекчиликке берип, жеринде жоопторун ала алышты.

Ректор менен бирге окуу иштер боюнча проректор А.П. Алибаев, илим иштери боюнча проректор К.С.Алыбаев, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор А.Д. Доранова, “Сапат” бөлүмүнүн башчысы Г.С. Токоева жана маалымат технологиялары жана компьютердик техникаларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы А.М. Термечикова катышып, ар бири өз тармагында берилген суроолорго жооп беришип пикир алмашышты.

Мындай жолугушуу ар жылы салт катары уланып, жалпы жамаат көйгөйлүү маселелерин, жетишкендиктерин айтып, ийри отуруп түз кеңешип келишет.

  • ИЙРИ ОТУРУП, ТҮЗ КЕҢЕШҮҮ
  • ИЙРИ ОТУРУП, ТҮЗ КЕҢЕШҮҮ
  • ИЙРИ ОТУРУП, ТҮЗ КЕҢЕШҮҮ
  • ИЙРИ ОТУРУП, ТҮЗ КЕҢЕШҮҮ
  • ИЙРИ ОТУРУП, ТҮЗ КЕҢЕШҮҮ
  • ИЙРИ ОТУРУП, ТҮЗ КЕҢЕШҮҮ
  • ИЙРИ ОТУРУП, ТҮЗ КЕҢЕШҮҮ
  • ИЙРИ ОТУРУП, ТҮЗ КЕҢЕШҮҮ
  • ИЙРИ ОТУРУП, ТҮЗ КЕҢЕШҮҮ