Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата Табийгый-техникалык факультетинин Биология кафедрасы тарабынан “Эне тили эне сүтүм” аттуу аталыштагы иш- чара болуп өттү.
Мындай маалыматты аталган кафедранын башчысы б.и.к., доцент Асан Токторалиев билдирди.
Анын айтымында Биология кафедрасында ар улуттун уул-кыздары билим алышат.“Иш-чарага медицина, география, химия, электр менен камсыздоо адистигинин студенттери жана профессордук- окутуучу курамы катышты. Аталган адистикде билим алып жаткан Б-1-15 тайпасынын студенттери эне тилин даңазалап, «Тил тагдыры эл тагдыры», «Эне тилин ардактайлы сактайлы», «Тил элдин байлыгы жана баалуулугу» деген темадагы баяндама окулуп, эне тили жөнүндө ырларды жана «Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» деген окуялар сахналаштырылып, Биология кафедрасынын окутуучусу Бурулай жээнбекованын уюштуруусу менен өткөрүлдү”- дейт ал.
Кылычты кыя чапкан тил,
Кыргызым барктап баккан тил.
Кызыл жалын от кечип,
Кылымдап жолду баскан тил.
Кырааты менен сүйлөсө,
Кытайга дагы жаккан тил дегендей ар бир улуттун өз каада –салты, тили, дини жана мадинияты бар .Чындыгында кыргыз тили - "Улуу тил" экендигин дагы бир жолу даңазаланды дейт Бурулай Жээнбекова.