AVN







АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ

АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
 Feb 22, 2019  996

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан “Советтик аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 30 жылдыгы”  23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө арналган иш чара уюштурулуп, ага ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин “Дене тарбия” кафедрасынын студенттери,  Экономикалык-юридикалык факультетинин  “Юриспруденция” адистигинин студенттери, “Финансы жана кредит” , “Экономика жана бухгартердик эсеп” кафедрасынын студенттери жана декандары, окутуучулук жамааты активдүү катышып келишти.

Иш чара Жалал-Абаддагы  Барпы драма театрында  белгиленип, ага облустун аймактарынан Ооган согушунун ардагерлери, чек ара кызматкерлери катышты.

Эгемендүү Кыргыз армиясынын күжүрмөн офицерлери жана катардагы кыраакы жоокерлери ата-бабаларыбыздын антына бек туруу менен сүйүктүү мекенибизди көздүн карегиндей ыйык сактап келе жаткандыктары үчүн жергиликтүү жетекчиликтер тарабынан куттуктоолор айтылды.

Тынчтык болсун мекенимде ар дайым!

Коргоочулар амандыгын каалаймын

Душман корбой дуйно менен тендешип.

Узун болсун омурунор ылайым!

                                     Майрамыңыздар  куттуу болсун!!!

  • АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
  • АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
  • АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
  • АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
  • АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
  • АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
  • АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
  • АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
  • АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ
  • АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ