AVN







АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ

АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ
 Feb 22, 2019  9969

Табийгый–техникалык факультеттинде Советтик аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына  жана 23- февраль Ата-Мекенди коргоочуулар күнүнө карата  “Ата-Мекенди коргоо – ыйык милдет” деген аталыштагы иш чара  уюштурулду. Иш  чарага  кадырлуу конок катары Ооган  согушунун ардагерлери Ш.Ш. Нурдинов., М.Мамытов жана                 К.Сабиров чакырылды – дейт “Биология” кафедрасынын окутуучусу Бурулай Жээнбекова.

Майрамдык кечеге факультеттин бардык адисттиктеги  стуленттери катышып, таланттарын тартуулашты. Мекендиын ыйыктыгын даңазалаган ырларды ырдашып, кандуу согушта жүз берген окуяларды сахналаштырып аткарышкан.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу, Ооган согушунун ардагери Марат Мамытов жаштарды мекенчилдикке үндөп, Ооган согушунда кан кечип, өздөрүнүн жанын мекендин бейпилдиги үчүн жан курман болгон жоокерлер жөнүндө баяндап берди.

Бизге ушундай жай турмушту тартуулаган ата-бабаларыбызга, Ооган согушунун ардагерлерине таазим этебиз. Ошондой эле чек араларыбызды бек сактап, эл-жери үчүн кызмат өтөп жүргөн жоокерлерге ыраазычылыгыбызды айтабыз. Келечек муунга жерибизди бүтүн бойдон, салт-санаабызды, тилибизди-динибизди бурмалабай сактап, мурас катары калтырып кетүү милдетибиз. Ар бирибиз Ата-Мекендин жүгүн татыктуу аркалап, анын өнүп-өсүшүнө салым кошолу” – деген тилегин    ТТФнын деканын тарбия иштери боюнча орун басары “Биология” кафедрасынын улук окутуучусу А.С. Болотова айтты.

  • АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ
  • АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ
  • АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ