AVN







ООГАН СОГУШУНУН ТАРЫХЫЙ ТАКТАРЫ

ООГАН СОГУШУНУН ТАРЫХЫЙ ТАКТАРЫ
 Feb 22, 2019  1052

“Советтик аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 30 жылдыгы”  жана «23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнү” даталуу күндөрүнүн урматына “Ооган согушунун тарыхый тактары” аталышында  адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Маданий кече Жалал-Абад колледжинин  тарых мугалимдери Абдивапова Жазгүл, Калчекеев Айда жана колледждин  мамлекттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Абубакир Маматумаров  тарабынан уюштурулду.

 Кечеге конок катары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызматкерлери, Ооган согушунун ардагерлери  А.О.Шермаматов,              А.И. Ташматов чакырылган жана  окутуучулар, студенттер катышышты.

Кечени мазмундуу өктөргөн Педагогика бөлүмүнөн  БКМк-3-18, БКМк-4-18  тайпалары, Экономика бөлүмүнөн БЭк-2-17 тайпасы, Техника жана маалыматтарды иштетүү бөлүмүнөн ЭСк-01-18 тайпасы болду.  Ыр бийлери,сахналаштырган көрүнүштөрү өткөн кандуу согуш жылдарын эске салып ыйлатса, бир тарабынан студенттерди мекенчилдикке тарбиялоого өбөлгө болду дешет уюштуруучулар.

Ыйык Ата-Журтубузду көздүн карегиндей сактап, келечек муунга калтыруу ар бирибиздин милдетибиз. Ошондой эле жаш муунду мекенчилдикке, патрионттуулукка үндөө учурдун талабы.Жогорудаг максаттарды ишке ашыруу тилекте Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу уюштуруп, студенттер менен кеңири пикир алмашуу болду. Мындай иш-чара жаштардын аз да болсо аң сезимин ойготуп, мекендин ыйыктыгын, жай турмуштун баркын биле алат” – дейт А. Маматумаров.

  • ООГАН СОГУШУНУН ТАРЫХЫЙ ТАКТАРЫ
  • ООГАН СОГУШУНУН ТАРЫХЫЙ ТАКТАРЫ
  • ООГАН СОГУШУНУН ТАРЫХЫЙ ТАКТАРЫ