AVN







ЖАМУДА «ЭНЕ ТИЛ» КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ЖАМУДА «ЭНЕ ТИЛ» КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Feb 22, 2019  769

2019-жылдын 21-февралында ЖАМУнун кичи жыйындар залында «Бүткүл дүйнөлүк-Эне тил» күнүнө карата илимий-практикалык конференция Мамлекеттик тил бөлүмү Илим жана Аспирантура бөлүмү менен биргеликте уюштурулуп, өткөрүлдү. Конференцияга Жалал-Абад Мэриясынан келген коноктор 80 профессор окутуучулук курам жана студенттер катышты. Конференция филол.и.д. К.Б.Калчекеевдин сөзү менен ачылып, ИИ проректору ф-м.и.д., профессор К.С.Алыбаев «Бүткүл дүйнөлүк-Эне тил» күнү менен куттуктап, конференцияга ийгиликтерди каалады.

Конференцияда төмөндөгүдөй илимий баяндамалар жасалды.

1-баяндама: «Азыркы тил саясатынын актуалдуу маселелери» - Джумабаева М.Э. Жалал – Абад шаардык Мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы

2-баяндама:«Некоторые особенность функционирования русского языка Кыргызстане» – Дарбанов Б.Е. филол.и.д., проф.

3-баяндама: «Башталгыч класстарда эне тилин окутуунун айрым маселелери» - п.и.д., проф. Сакиева С.С.

4-баяндама: «Тил үйрөнүү-мезгил талабы» Ураимов К.М. п.и.к., доц.

5-баяндама: «Эне тили–элдин дили» Чокоева Д.М. филол.и.к., доцент Кыргыз дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасынын башчысы

Жыйынтыгында ар бир тилдин өзүнүн улуулугун, ыйыктыгын даңазалаган сөздөр айтылып, студенттер тарабынан суроо берилип жооптор алынды.

  • ЖАМУДА «ЭНЕ ТИЛ» КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАМУДА «ЭНЕ ТИЛ» КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАМУДА «ЭНЕ ТИЛ» КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ