AVN







ЭНЕ ТИЛ БАРДА, ЭЛИМ БАР

ЭНЕ ТИЛ БАРДА, ЭЛИМ БАР
 Feb 22, 2019  711

21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кыргыз тили кафедрасы тарабынан “Эне тил барда, элим бар” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Мындай маалыматты аталган кафедранын башчысы Гулжан Бакирова билдирди.

Анын айтымында  университетте көптөгөн улуттардын уул-кыздары билим алышат. “Иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, шаардык мэриядан коноктор чакырылды жана окуу жайда билим алып жатышкан сегиз улуттун өкүлдөрүнөн турган топтор өз эне тилин даңазалашты” – дейт ал.

Тилиң менен улутсуң деген сөз тегин жерден чыккан эмес. Ар бир улуттун өз каада-салты, тили, дини жана маданияты бар. Баарыбыз өз эне тилибизди барктап, баалап кийинки муунга мурас катары калтыруу биздин милдет деген оюн кошумчалады.

Иш-чаранын аягында катышуучу топтор жана алардын уюштурган жекечи окутуучуларга атайын дипломдор тапшырылды.   

  • ЭНЕ ТИЛ БАРДА, ЭЛИМ БАР
  • ЭНЕ ТИЛ БАРДА, ЭЛИМ БАР
  • ЭНЕ ТИЛ БАРДА, ЭЛИМ БАР
  • ЭНЕ ТИЛ БАРДА, ЭЛИМ БАР
  • ЭНЕ ТИЛ БАРДА, ЭЛИМ БАР
  • ЭНЕ ТИЛ БАРДА, ЭЛИМ БАР
  • ЭНЕ ТИЛ БАРДА, ЭЛИМ БАР
  • ЭНЕ ТИЛ БАРДА, ЭЛИМ БАР
  • ЭНЕ ТИЛ БАРДА, ЭЛИМ БАР
  • ЭНЕ ТИЛ БАРДА, ЭЛИМ БАР
  • ЭНЕ ТИЛ БАРДА, ЭЛИМ БАР