AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 Feb 22, 2019  745

Табигый-техникалык факультетинин  «География” кафедрасынын  2019-жылдын 22-февралында Г-1-15 тайпасында “Ата-энелердин катышуусунда бүткүл эне-тил күнүнө” карата тегерек стол болуп өттү. Жыйынга кафедранын профессордук окутуучулук курамы, ТТФнын деканы т.и.к нын  доцент Ж.Б.Шамиев кафедранын жетекчиси э.и.к доцент Н.Жунусов  жана студенттердин ата-энелери катышты.

Аталган тайпанын куратору  Артыкбаева Күмүшай тайпа жөнүндө кыскача маалымат берди. Аталган факультеттин деканы Ж. Шамиев сөз сүйлөп төмөнкүлөргө токтолду : Студенттер модул экзамендерин АВН программасында тапшырып жатышканын, АВН программасынын өзгөчөлүктөрү, экзамен жана модулдарды тапшыруудагы өзгөрүүлөр, KelBil программасынын пайдалуу жактарын баса белгиледи.

        “География” кафедрасынын жетекчиси Н.Жунусов студенттердин катышуусу, жетишүүсү коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, студенттердин илимий практикалык конференциясы, олимпиадаларга катышып ийгиликтерди багындырып жаткандарын айтты. “Тарбия башаты үй-бүлөдөн башталат. Андыктан уул-кыздарыңыздарды  татыктуу тарбиялагансыздар, мектеп мугалимдери башталгыч билимди  жогорку деңгээлде беришкен.Натыйжада университетте кесиптик билим алууда мыкты жетшикендиктерди ээси болушууда жана биздин профессордук-окутуучулук жамаат мыкты адис катары тарбиялоодо өз салымдарын кошууда” – деген оюн кафедра башчы билдирди.

 Жыйынтыгында 15 ата-энеге окуу жай тарабынан ыраазычылык каттары тапшырылды. Ата-энелер кафедранын жамаатына каалоо тилектерин жана ыраазычылыктарын айтып, окуу жайдын келечеги кең экенин баса белгилешти.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ