AVN

“Химиялык сабаттуулук- коомдун талабы” аттуу илимий-практикалык конференция

“Химиялык сабаттуулук- коомдун талабы” аттуу илимий-практикалык конференция
 May 31, 2017  1333

    2017-жылдын 24-майында Жалал - Абад мамлекеттик университетинде «Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата Табигый-техникалык факультетинин «Химия» кафедрасы тарабынан уюштурулган Химиктер күнүнө арналган “Химиялык сабаттуулук - коомдун талабы” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

   Илимий-практикалык конференцияны химия кафедрасынын башчысы, п.и.к.,д оцент Н.Б.Арстанбекова ачып, куттуктоо сөздөрү менен ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору А.Д.Дооронова, табигый-техникалык факультетинин деканы т.и.к., доцент Ж.Б.Шамиев, т.и.д., профессор А.А.Аширалиев, а.-ч.и.д., профессор Т.К.Аманкулова, ЖАМУнун өндүрүштүк практикалар боюнча башчысы Ж.М.Куваковдор чыгып сүйлөшүп, химик-адистерди даярдоо биздин негизги милдетибиз экендигин, химиялык өндүрүшсүз өлкөнүн өнүгүшүнүн алдыга жылышы мүмкүн эместигине токтолушту.

Конференциянын жүрүшүндө т.и.д., проф. А.Аширалиев “Химиянын жана ойлоп табуучулуктун ыйманга таасири”,

философия кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Г.Токтогулова “Химиянын философиялык проблемалары”, химия кафедрасынын ага окутуучусу Н.С.Жолдошалиева “Табигый минералдын химиялык составы жана жашоо-тиричиликтеги ролу”, фармация кафедрасынын башчысы б.и.к., доцент Ж.М.Орозбаева “ Химия - медицина жана фармацияда”, химия кафедрасынын ага окутуучусу А.Бечелова “Дары препараттарын синтездөө жана анын зыяндуулугун азайтуунун жолдору”, химия кафедрасынын лаборанты А.Болотбеков “Газдалган суусундуктардын адамдын организмине тийгизген таасири”, Х-1-15 группасынын студенткасы Ш. Шамшидинова “Определение качественного состава меда”, Х-1-13 гр. студенткасы Ч. Абдразакова Ч. – “Галактозил нитрозометилмочевинанын гидрохлордуулизин менен аракеттенишүү” реакциясын окуп үйрөнүү темаларындагы кызыктуу илимий баяндамалар жасашты.

     Конференциянын аягында Химиктер күнүнө карата студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды

  • “Химиялык сабаттуулук- коомдун талабы” аттуу илимий-практикалык конференция