AVN

ЖАТАКАНАДАГЫ СТУДЕНТТЕРДЕН КАБАР АЛЫНДЫ

ЖАТАКАНАДАГЫ СТУДЕНТТЕРДЕН КАБАР АЛЫНДЫ
 Feb 22, 2019  580

Үстүбүздөгү жылдын 20-февраль күнү профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын  башчысы ф.и.к., доцент Г.Т. Токтогулова, кураторлор Ы.М. Кожоназарова, Айнара Куванычбек кызы, Н.С. Алдозова жана тарбия иштери боюнча жоопту Байырбек Ашур уулу №1 жатаканада жашаган студенттерден кабар алышты.

Бул жатаканада социалдык иш багытында окуган СКк-1-16 тайпасынын 3 студенти жана СКк-1-17 тайпасынын 1 студенти жашайт. Студенттер жашоо шартына толук канааттанышарын билдиришти.

Абдыкадыров Анара социалдык иш адистигинин СКк – 1-16 тайпасынын студенти. Анын айтымында ал жатаканада 3 жылдан бери жашайт.

“Жаштык кездин эң кызыктуу учуру студент курагы болсо, андан дагы кызыктуусу жатаканада жашаган мезгил  десем болот. Студенттик күндөрдүн кызыктуу мезгилдерин өткөрүп жатам, ошондой эле жатаканада толук кандуу шарт түзүлгөн. Акысы дагы кыйла арзан, квартирада жашасак айына 5000-8000 сомдон төлөмөкбүз. Бул жерде айына 650 сомдон гана төлөп, бардык шарты менен жашап жатабыз” – дейт ал.

Негизинен жатакана өтө жылуу, жашоого толук шарт түзүлгөн. Ошондой эле студенттер сабактарга даярдануусу үчүн окуу залы жана эс алуу жайы талаптагыдай экенине күбө болдук деди Г. Токтогулова.

  • ЖАТАКАНАДАГЫ СТУДЕНТТЕРДЕН КАБАР АЛЫНДЫ