AVN







ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
 Feb 22, 2019  605

Ушул жылдын 19-февраль күнү Жалал-Абад колледжинин “Техникалык жана маалыматттарды иштетүү” бөлүмүнүн, «Электр менен жабдуу» жана «Электр станциялары, тармактар жана системалар»  адисттиктеринин студенттери иш берүүчүлөр  менен жолугушту. 

“Иш берүүчүлөр менен  окуу  жайдын  ортосундагы байланышты өркүндөтүү жана окууну аяктаганда иш менен камсыз болуусуна өбөлгө түзүү,келечекте мыкты адис болууга түрткү берет” –дейт бөлүмдүн башчысы Асылбек Кочкорбаев.

Жолугушууга “Жалал-Абадэлектро “ ААКнун  ыкчам тескөө бөлүмүнүн инженери Г. Сариева  өлчөп- ченөө бөлүмүнүн инженери Р. Матишев  жана “Жалал-Абадэлектро “ ААКнун электр энергиясын сатуу

бөлүмүнүнинженерлери, К.Нармаматов , Р. Орозалиев ошондой эле  ЖАКтын  директору п.и.к. доцент Б.Турдубева баштаган жамаат катышты.

“Жалал-Абадэлектро “ ААКнун  ыкчам тескөө бөлүмүнүн инженери Г. Сариева нын айтымында студенттер окуу жайдан техникаларды колдонуунун коопсуздугун жана иштөө принциптерин үйөнүүсү абзел. Дипломго ээ болгон ар бир адис техниканын теориясын жакшы өздөштүрсө, практикада колдонуп, мыкты адис катары калкка кызмат өтөй алат.

Эске салсак, аталган адистиктерде  жалпы 155 студент билим алса, анын 62си быйыл окуу жайды аяктайт.

  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ