AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 Feb 20, 2019  881

Табигый техникалык факультетинин “География” кафедрасында 19-февралда Г-1-16 тайпасында “Ата-энелердин ЖАМУ менен кызматташтыгы жана билим берүүгө тийгизген таасири” аттуу темада ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү.

      Жыйынга ТТФнын деканы т.и.к., доцент Ж.Б.Шамиев, кафедранын профессордук-окуутуучулук курамы, кафедранын жетекчиси э.и.к., доцент Н.Жунусов жана студенттердин ата-энелери катышышты.

      Аталган тайпанын куратору Т.Жолдошова тайпа жөнүндө кыскача маалымат берди. Ал эми декан Ж.Шамиев балдарынын билим алуусуна кайдыгер карабай, окуу жай менен тыгыз иш алып барган ата-энелерге ыраазычылык билдирип, AVN программасынын өзгөчөлүктөрү, экзамен жана модулдарды тапшыруудагы өзгөрүүлөр, KelBil программасынын пайдалуу жактары жөнүндө айтып өттү.

Техника жетишкен заманда турмуш кечирип, окуу процестери да электрондоштурулууда. Мындай аракет жаштардын турмушта артта калбай, татыктуу билим алып, кесипкөй адис болуусуна шарт түзүүдө. Аруу тилек менен биздин окуу жайды тандап, балдарыңыздардын билим алуусуна кам көрүүдөсүздөр. Андан сарткары университет менен тыгыз иш алып баруудасыздар, сиздерге жалпы жамааттын атынан таазим этебиз” – деди декан.

“География” кафедрасынын жетекчиси Н.Жунусов студенттердин катышуусу, жетишүүсү, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, студенттердин илимий-практикалык конференциясына, олимпиадаларга катышып ийгиликтүү орундарга жетишкендиктери жөнүндө маалымдап, жыйынтыгында 12 ата-энеге ыраазычылык каттарды тапшырды. Ата-энелер тарабынан кафедранын жамаатына каалоо тилектер жана ыразычылыктар билдирилгенин айтты Т. Жолдошова.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ