AVN







ОН ЖЫЛГА СОЗУЛГАН КАНДУУ АПААТ

ОН ЖЫЛГА СОЗУЛГАН КАНДУУ АПААТ
 Feb 20, 2019  748

Жалал-Абад колледжинин  «Укук таануу жана социалдык иш» бөлүмүнүндө 13-февраль күнү «Ооган ардагерлери менен баарлашуу» деп аталган салтанаттуу жолугушуу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Ооган согушунун ардагерлери А.О. Шерматов, М.И. Мамытовдор о.э. бөлүмдүн окутуучулары жана студенттери катышты.

Ооган ардагерлерине арналып студенттер тарабынан концерттик программа  уюштурулуп,  суроо-жооп менен коштолду.  Он жылга созулган кандуу апаат жөнүндө ардагерлер сөз салып, жаштарды өз мекенин сүйүүгө, аны көздүн карегиндей сактоону сунушташты.

Ооган согушу 1979-жылы 25-декабрдан 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган. Кыргызстандан 7400дөн ашык жоокер барган. Алардын ичинен 300дөн ашууну курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайтышкан бүгүнкү күнгө чейин 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Кайтып келгендери Ооган согушунан алган психологиялык стресттен улам эч жерде иштей албай көпчүлүгү оорукчан болуп калган. Бүгүнкү күндө Ооган ардагерлери 6000 сом өлчөмүндө мамлекет тарабынан жөлөк пул алышат – дейт бөлүмдүн окутуучусу А. Таштанова.

  • ОН ЖЫЛГА СОЗУЛГАН КАНДУУ АПААТ
  • ОН ЖЫЛГА СОЗУЛГАН КАНДУУ АПААТ
  • ОН ЖЫЛГА СОЗУЛГАН КАНДУУ АПААТ