AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНУ

ЖАМУНУН СТУДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНУ
 Feb 20, 2019  683

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  «Дене тарбия» кафедрасынын 2-курсунун студенти, спорт чебери Элдияр Сексенбаев “Алыш” бел-боо күрөшү боюнча Кыргызстан Чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Бишкек шаарында “Алыш” бел-боо күрөшү боюнча Кыргызтан Чимпионаты  болуп өттү. Ага көптөгөн  Кыргызстандын ар кайсыл бурчунан спортчулары катышышты. Жогорудагы спорттук таймашка Жалал-Абад мамлекттик университетинин дене тарбия кафедрасынын 2-курсунун студенти Элдияр Сексенбев “Алыш” бел-боо күрөшү боюнча 70 кг салмакта күч сынашып, 1-орунду багындырып Кыргызстандын Чемпиону болду.

Белгилей кетсек, ал буга чейин Такжикстан Республикасында спорттук таймашка катышып алтын медалга ээ болсо, Көчмөндөр оюнунун жана Гран при оюнунун  катышуучусу.

  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНУ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНУ