Бүтүрүүчү курстун ата-энелери менен чогулуш болуп өттү
Feb 19, 2019 810
Жакында Химия кафедрасында бүтүрүүчү курстун ата-энелери менен чогулуш болуп өттү. Күн тартибинде 2018-2019-окуу жылынын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыктары жана алдыдагы милдеттер жөнүндө маселе каралды. Аталган маселе боюнча кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова баяндама жасап, Х-1-15 тайпасынын студенттеринин кышкы сессиясынын жыйынтыгы, өздөштүрүүсү жана катышуусу боюнча ата-энелерге кеңири маалымат берди.
Жарыш сөзгө окутуучулардан Н.С.Жолдошалиева, М.Э.Сатканкулова, ата-энелерден С.Садирова, Х.Саттаров, З.Кадыров, А. Низамовдор чыгып сүйлөшүп, окуу жайына, окутуп жаткан окутуучуларга ыраазычылык билдирүү менен, химик адистер областыбызга жетишпей тургандыгын белгилешип, студенттердин сабактарды калтырбай терең билим алуусу, келечекте коомго пайда келтире турган адистерден болуп чыгууларына тилектеш экендигин билдиришип, окуу жай менен мындан ары да байланышта боло тургандыгын белгилеп кетишти.