AVN







ТАМАШОУ 2-СЕЗОН

ТАМАШОУ 2-СЕЗОН
 Feb 18, 2019  998

ЖАМУнун  Жаштар комитети тарабынан 13-февралда  факультеттер жана колледждери арасында Тамашоу оюну болуп өттү. Аталган оюнга жалпы 6 команда катышты. Алар: ПМТФ-Динамик, ФФ-Fil star, ЭЮФ-Өчпөс үмүт, ТТФ-Эверест, ЖАК-JAK stars, МФ-Med smile командалары болду дейт Жаштар комитетинин төрайымы Алтынай Базарбай .

Оюнду ачылышында   МТ жана СИ боюнча проректор Доранова А.Д жана ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрайымы Алтынай Базарбай чакырылып, ЖАМУнун жетишкен ийгиликтерин айтып өттү. Конок катары Жалал - Абадтын Тамашоу курама командасы "Smile club" келип өз тамашаларын тартуулаты.

Аталган командалар "Эң мыкты оюнчу","Эң мыкты тамаша", "Эң мыкты капитан ", жана  "Эн мыкты команда" номинациялары үчүн  ат салышты.

“Оюнчуларды кызыктыруу максатында 1-орунду алган командага демөөрчүбүз  Сейдакматов Рахматулло тарабынан 1500 сомдук сертификат белеке коюлду. Күлкү жаратуучуларга кызыктыруучу байгелерди койсок, алар изденет, коомдогу  терс көрүнүштөрдү азил чыны аралаш элге жеткирет” – дейт А. Базарбай.

  Ал эми калыстар тобунун курамында МЭБтин кызматкерлери  Масеитов Жусуп, Шамуратов Нурбек, Тамашоу Жалал - Абад филиалынын башчысы Кубаныч Толомырзаев, тамада Медер Сакеев, оюндун демөөрчүсү Сейдакматов Рахматулло жана JASU Stars командасынын мыкты оюнчусу Айдана Айдаралиева болду.

Оюндун соңунда жыйынтык чыгарылып,  "Эң мыкты оюнчу"-Нуриса Касымбек кызы (Динамик), "Эң мыкты тамаша"-Өчпөс үмүт (ЭЮФ), "Эң мыкты капитан"-Жусупов Өмүрбек (Fil star) алса,  "Эң мыкты команда" деп Динамик (ПМТФ)  командасы табылды жана баш байгеге коюлган 1500 сомдук сертификатка ээ болушту.

  • ТАМАШОУ 2-СЕЗОН
  • ТАМАШОУ 2-СЕЗОН
  • ТАМАШОУ 2-СЕЗОН
  • ТАМАШОУ 2-СЕЗОН