AVN

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ АВТОРДУК КИТЕП БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ АВТОРДУК КИТЕП БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ
 Feb 18, 2019  998

Үстүбүздөгү жылдын 8-фавраль күнү Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Тарых кафедрасында «Билим берүү программасын ишке ашырууда ата-энелердин орду жана кафедра менен кызматташтыгы” аталышындагы тегерек стол Т-1-18 тайпасынын куратору Ш. Атабекова, Т-1-17 тайпасынын куратору М. Умарова, Т-1-15 тайпасынын куратору Н. Мырзабаевалар тарабынан уюштурулду.

Тегерек столго кафедранын жалпы профессордук-окутуучулук курамы, ата-энелер жана студенттер катышты.

Тегерек столду Сапат бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., профессор            Г.С. Токоева ачып, кафедранын жетишкендиктери менен тааныштырып, окутуучулук курамдын илимий потенциалы боюнча, ЖАМУда алдыңкы орунда экендигин баса белгиледи.

Кафедра башчысы, т.и.к., доцент Э.А.Авазов азыркы учурда ишке ашырылып жаткан билим берүү программасы боюнча ата-энелерге кеңири маалымат берип, презентация жасады. Студенттердин экзамендик сессиясынын жыйынтыктары боюнча рейтинги менен тааныштырып, жалпы университеттик деңгээлде алдыңкы ондукта келе жатканын белгилеп өттү.

Программанын кийинки бөлүмүндө кафедрадагы практика боюнча жооптуу т.и.к., доцент К.А.Халматов практиканын уюштурулушу жана жүрүшү боюнча кеңири айтып өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө кафедранын ардактуу профессорлору Э.Сулайманов жана К.Айдаркуловдор өздөрүнүн сунуш, пикирлери менен бөлүштү.

Т-1-18, Т-1-17, Т-1-15 тайпаларынын кураторлору Ш. Атабекова,         М. Умарова жана Н.Мырзабаевалар тайпасындагы ар бир студент жөнүндө маалымат берип, алардын илимий жана коомдук иштердеги жетишкендиктери жөнүндө видеоролик көрсөтүп, баяндама жасашты.

Келген ата-энелерге кураторлордун демилгеси менен ыраазычылык каттар жана доцент Э.А.Авазовдун автордук тарыхый китептери, кафедра менен кызматташуудагы активдүүлүгү үчүн белекке берилди.

Иш чаранын акыркы бөлүгүндө ата-энелер окуу жайдагы билим берүү сапаты боюнча өздөрүнүн ой- пикир, сунуштары менен бөлүшүп, кафедранын жалпы жамаатына келечектин татыктуу адистерин тарбиялоодо илимий чыгармачылык, ден-соолук каалап, ыраазычылыктарын билдиришти-деди Мээрим Умарова.

  • АТА-ЭНЕЛЕРГЕ АВТОРДУК КИТЕП БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ