AVN







МААЛЫМАТТЫК БАЗА ТҮЗҮЛӨТ

МААЛЫМАТТЫК БАЗА ТҮЗҮЛӨТ
 Feb 18, 2019  758

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология факультетинин Кыргыз тили каферасы менен Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика  факультетинин Кыргыз тили, Мамлекеттик тил кафедраларынын жана Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университенинин Тарых-филология факультетинин Кыргыз филологиясы кафедрасынын ортосунда билим берүү, илим жана маданият тармактары боюнча кызматташуу жөнүндөгү макулдашуу келишимдерине эки тараптуу кол коюлду.  

ЖАМУнун Кыргыз тили кафедрасынын башчысы, фил.и.к., доцент Г.К.Бакированын билдиргенине караганда аталган окуу жайлардын кафедраларынын ортосунда билим берүү, илим жана маданият тармактарында тыгыз жана жемиштүү байланыштар түзүлүү менен, мамлекеттин билим берүү системасындагы тең укуктуулук, өз алдынчалуулук принциптеринин негизинде өз ара жемиштүү кызматташтык өнүктүрүлөт.

«Республиканын билим берүү тармагын реформалоо боюнча тажрыйба жана маалыматтар алмашылат. Билим берүү жана илимдеги интерграциялык процесстерди өнүктүрүү максатында мамлекеттин билим берүү жана илим саясатындагы маселелер боюнча маалыматтык база түзүлөт. Дистанттык билим берүү технологиялары пайдаланылат, студенттерге академиялык мобилдүүлүк программасынын шарты боюнча билим берүү уюштурулат” – дейт Г. Бакирова. 

  • МААЛЫМАТТЫК БАЗА ТҮЗҮЛӨТ
  • МААЛЫМАТТЫК БАЗА ТҮЗҮЛӨТ
  • МААЛЫМАТТЫК БАЗА ТҮЗҮЛӨТ