Химия кафедрасынын студенттери мобилдүүлүк программасынын алкагында ОшМУда билим алышууда
Feb 16, 2019 741
Табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасынын Х-1-17 тайпасынын 2 студенти академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош Мамлекеттик университетинин “Табият таануу жана география” факультетинин 550100 Табигый илимий билим берүү багытынын Химия профили боюнча билим алууга жөнөп кетишти.
“Студенттердин академиялык мобилдүүлүгүнүн башкы максаты ОшМУ менен таанышып, эки окуу жайын салыштырышат, кабыл алган окуу жайдын жакшы жактарын үйрөнүшөт, өз билимдерин тереңдетишет, тажрыйбаларын арттырып, жаңы досторду табышат, эки окуу жайдын студенттеринин ортосундагы карым-катнашты күчөтүшөт” – дейт аталган кафедранын башчысы Нуржан Арстанбекова.
Белгилей кетсек, академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Мухтарбек кызы Айзада жана Замирбекова Акбермет жөнөтүлгөн.