AVN

“Техникалык жана маалыматтарды иштетүү ” бөлүмүндө ата-энелер конференциясы болуп өттү

 Feb 15, 2019  826

Жалал-Абад колледжинин “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү”  бөлүмүндө ата-энелер конференциясы болуп өттү. Конференцияга 120дан ашык ата-эне жана мугалимдер жамааты катышышты. Конференциянын максаты окуу жайдагы билим-тарбиялоо процессин жаны сапаттык деңгээлге көтөрүүдө ата-энелер менен мугалимдердин биргеликтеги аракеттешүү механизмдерин жакшыртуу, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары жана келечек кадамдары менен ата-энелерди тааныштыруу. Жыйындын форматында көйгөйлөр ачык талкуланып, ийгиликтердин туруктуулугуна жетишүүнүн жолдору такталып, кийинки кадамдар тууралуу кеңири пикир алышуу жүргөнүн маалымдады бөлүмдүн башчысы Асылбек Кочкорбаев.

Конференция учурунда бөлүмдүн башчысы Кочкорбаев А. “Билим берүү менен тарбиялоонун натыйжалуулугуна жетишүүнүн механизмдери” деген темада презентация жазап өттү. Талкуу учурунда балдарыбыздын бош убактыларын туура пайдалана албай жаткандыгы, ата-энелер тарабынан жеткиликтүү көзөмөлдүн төмөндүгү, окутуунун жаңыча усулдарынын пайдалануунун чектелгендиги  айтылып ага карата аракеттерди көрүүнүн зарылчылыгы белгиленди.

Бөлүмдөгү адистиктердин секция башчылары адистиктердин өзгөчөлүгү, окуунун биринчи жарым жылдыгындагы ийгиликтери менен көйгөйлөрүнө, келечек пландарына токтолуп ата-энерлерди биргеликтеги аракеттерди күчөтүүнү жана ага карата кайдыгер болбоого чакырышты. 

Колледждин директорунун окуу иштери боюнча орун басары                А. М. Ыстамбаев окуу жайдын келечек кадамдары жана анын ичинде АӨБ каржылоосуменен долбоорлордун  алкагында колледждин үч адистиги  боюнча биргеликтеги кызматташуу болоорун жана ички ресурстарды мобилизациялоо аркалуу материалдык-техникалык база толукталаарына токтолуп, ошол эле учурда окутуучулардын окутуу процессиндеги жоопкерчилиги, алардын эмгекке болгон чыгармачылыгы, жаңычылдыгы эске алынып шыкактоодо түрдүү механизмдер менен инструменттер колдонулаарын айтты.

 Конференцияда окууда жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн студенттердин ата-энелерине,татыктуу балдарды тарбиялгандыгы жана окуу-тарбиялоо процессине кайдыгер эместигин көрсөткөндүгү үчүн окуу жайдын атынан ыраазычылык каттары тапшырылды.

  • “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү ” бөлүмүндө ата-энелер конференциясы болуп өттү