AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 Feb 15, 2019  779

 “Юриспруденция” адистигинин Юк-1-16 тайпасынын куратору  З.Амиракулова студенттердин ата энелери менен жолугушуу уюштурду. Анда окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, билим берүүнүн сапаты, студенттердин жетишкендиктери жөнүндө сөз болуп, алдыда аткарылчу иштер талкууланды.

“Ар бир ата-эне баласы кандай шартта, кандай деңгээлде билим алып жатканын билүүгө, окуу жай менен тыгыз байланышта болууга тийиш. Андыктан бүгүнкү жыйынды уюштуруп, аларга университеттин материалдык-техникалык базасын, корпустарын тааныштырдык. Ошондой эле жогорудагы адистиктин профессордук-окутуучулук жамааты менен ата-энелер ортосунда пикир алмашуулар орун алды” – деди куратор              З. Амиракулова.

Ата-энелер университеттин жетишкен ийгиликтери менен жакындан тааныш болгон соң, балдары заман талабына шайкеш келген окуу жайда, татыктуу билимге ээ болуп жатканын баса белгилешти.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин келечеги бар экенине ишенип, уул-кыздарыбыздын кесипке ээ болуусу үчүн атайын ушул окуу жайды тандадык. Кесипке ээ болгон ар бир бүтүрүүчү жумуш орду менен камсыз болуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошсун деген тилектерин жыйындын катышуучулары билдиришти.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ