AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН АКТИВДҮҮ БАЙЛАНЫШТА

АТА-ЭНЕЛЕР ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН АКТИВДҮҮ БАЙЛАНЫШТА
 Feb 15, 2019  811

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын социалдык иш адистигинин күндүзгү бөлүмүндө окуган 35тен ашуун студенттердин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда кафедранын окутуучусу Ырыскүл Кожоназарова практика боюнча маалымат берди.

Март-апрель айларында 2-курстун студенттердин профилдик,  практикага 3-курстун студенттери өндүрүштүк жана 4-курстун студенттери квалификация алдындагы практикаларга чыгарын кошумчалап өттү.

Жолугушууга 10дон ашуун ата-эне катышып, иш-чаранын алкагында ата-энелерден анкета түрүндө сурамжылоо жүргүзүлүп, ата-энелер университет менен тыгыз байланышта болуп жана кийинки иш-чараларга активдүү катышаарын билдиришти.