AVN







СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Feb 15, 2019  745

ЖАМУнун медициналык колледжинин директору Эгембердиева А.Д. атайын түзүлгөн график боюнча ар бир адистиктин студенттери менен жолугушуу өткөрүүдө. Жолугушууда Эгембердиева А.Д.   медициналык колледжди башкаруудагы өз пландарын  студенттерге жеткирип, учурдагы процессинин уюштурулушу, сапаты жана студенттердин көйгөйлөрү боюнча пикир алмашууда деп билдирди аталган колледждин  тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева.

“Билим берүүнүн сапатын  жогорулатуунун  үстүндө алып барылуучу бир катар пландары менен тааныштырды. Колледждин стратегиялык иш планын аткарууга студенттердин дагы чоң салымы бар экенин айтып, ар бир адистин коомдогу ордун белгиледи” – дейт Г. Темирбаева.

Колледжде учурда 1000 ге жакын студент билим алууда жана аларга 80ден ашуун окутуучу билим берет.