AVN







МЕЗГИЛ АЛАРДЫ ТАНДАГАН...

МЕЗГИЛ АЛАРДЫ ТАНДАГАН...
 Feb 15, 2019  620

Үстүбүздөгү  жылдын 12 – февраль күнү ЖАМУнун Экономикалык – юридикалык факультетинин «Финансы жана кредит» кафедрасынын ФКк -1-17 тайпасынын студенттери Советтер союзунун Ооганстандан өз аскерлерин чыгаргандыгынын 30 жылдыгына карата “Ооган жоокерлерине таазим” аттуу куратордук ачык саат өткөрүштү.

         Куратордук ачык саатка “Финансы жана кредит” кафедрасынын башчысы э.и.к., доц. Карбекова А.Б., профессордук – окутуучулар жамааты жана ооганчы – ардагер, Ш.М.Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын окутуучусу Мамытов Марат агайлар конок катары чакырылышты.

         Куратордук саатты тайпанын куратору Мусакулов Н.К., баштап, 10 жылга созулган Ооган согушунда ооганчы – жоокерлер өз моюндарына тагылган интернационалдык милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, мекен, эл алдында жүздөрү жарык болуп турат. Баткен окуясында да ушул ооган ардагерлери алдыңкы катарда болушкан. Мунун баары азыркы жаш муун үчүн өзгөчө сабак болуш керек экендигин баса белгилеп кетти.

         Куратордук саатта студенттер даярдаган баяндамаларын, слайддарын, тарткан сүрөттөрүн, ырларын тартуулашты. Ооган ардагери менен кызуу маектешүү болду, студенттер өздөрүнүн суроолоруна канааттандыраарлык жооп ала алышты. Жыйынтыгында студенттер ардагер – агайга даярдаган белектерин тапшырышып, куттукташты – дейт кафедра башчы А. Карбекова.

         Мезгил аларды тандаган... Ооган  жоокерлеринин  эрдигине  таазим...

  • МЕЗГИЛ АЛАРДЫ ТАНДАГАН...
  • МЕЗГИЛ АЛАРДЫ ТАНДАГАН...
  • МЕЗГИЛ АЛАРДЫ ТАНДАГАН...
  • МЕЗГИЛ АЛАРДЫ ТАНДАГАН...
  • МЕЗГИЛ АЛАРДЫ ТАНДАГАН...
  • МЕЗГИЛ АЛАРДЫ ТАНДАГАН...
  • МЕЗГИЛ АЛАРДЫ ТАНДАГАН...