AVN







«ООГАН АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН БААРЛАШУУ»

«ООГАН АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН БААРЛАШУУ»
 Feb 14, 2019  898

Үстүбүздөгү жылдын 12-февраль күнү Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасында «Ооган ардагерлери менен баарлашуу» деп аталган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

          Иш-чара 15-февраль «Ооган» республикасынан советтик аскерлерди алып чыгуусунун 30 жылдыгына карата уюштурулду.

          Кафедранын ага окутуучулары жана Ооган согушунун ардагерлери А.О. Шерматов, М.И. Мамытовдор о.э. ЖАМУнун сапат бөлүмүнүн башчысы ф.и.д., профессор Г.С. Токоева, ПМТФнын деканы ф.и.к., доцент Р.К. Шамшиев, кафедранын башчысы ф.и.к., доцент Г.Т. Токтогулова, окутуучулар: Ы.М. Кожоназарова, Куванычбек кызы А., Ашур уулу Б., Н.С. Алдозова жана социалдык иш адистигинин студенттери катышышты.

          Ооган ардагерлерине арналып студенттер тарабынан концерттик программа жана белектер тартууланды.

Ооган согушу 1979-жылы 25-декабрдан 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган. СССРдин Борбордук Комитетинин биринчи секретары     Л.И. Брежневдин жана СССРдин коргоо министринин буйругу менен 1979-жылы 25-декабрь күнү саат 1500дө жоокерлер Ооган республикасына киришкен. 27-декабрь күнү Дар-Уль-Аман ак үйдөгү бийлиги тактан кулаган. 29-декабрда Афганистан демократиялык республикасы болуп жарыяланган. Жаңы саясий партия түзүлүп, жетекчиси М. Наджибулла шайланган.

Он жылга созулган бул согушта 13833 жоокер 1979 офицер каза болгон. Оор жаракат алган жоокерлердин саны 49985 жана офицерлердин саны 7132ни түзгөн. Майыптардын саны 6669 болсо, 300 жоокер кабарсыз жоголгон. 76 жоокер Советтер Союзунун баатыры, 200 000 жоокер күжүрмөн орденинин ээси боолуп, бардыгы 546255 жоокер кызмат өтөгөн.

Учурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 4 Ооган согушунун ардагерлери эмгектенет. Аларга арналып ар жылы майрамдык концерт уюштурулуп, сыйлыктар ыгарылып келет.

  • «ООГАН АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН БААРЛАШУУ»
  • «ООГАН АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН БААРЛАШУУ»
  • «ООГАН АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН БААРЛАШУУ»