AVN

Химия кафедрасынын бүтүрүүчүсү Г.Молдошева студенттерге конок сабагын өткөрдү

Химия кафедрасынын бүтүрүүчүсү Г.Молдошева студенттерге конок сабагын өткөрдү
 Feb 14, 2019  762

Бүтүрүүчүлөр менен студенттердин өз ара байланышын чыңдоо жана тажрыйба алмашуу  максатында химия кафедрасы-нын 2003-жылдагы бүтүрүүчүсү Гулбурак Молдошева “Химия” кафедрасынын 2-3- курсунун  студенттери менен “Органикалык эмес химия” курсунан  химиялык элементтер боюнча викторина-сабагын өткөрдү.

Викторина-сабактын негизги максаты студенттердин  химия предметине болгон кызыгуусун  жана таанып-билүү ишмердүүлүгүн активдештирүү, практикалык билгичтиктерин калыптандыруу,  коллективде иштөө жопкерчилигин күчөтүү болуп эсептелет – дейт кафедра башчысы Нуржан Арстанбекова.

Сабактын жүрүшүндө студенттер 3 командага бөлүнүү менен 4 багыт боюнча викторинанын суроолоруна белгилүү бир убакыттын ичинде жооп беришти. Химиялык реакциялардын жүрүшү,  алардын белгилери боюнча айтып түшүндүрүү менен тишелүү реакциялардын теңдемелерин жазып беришти.

         Сабак-викторина өтө кызыктуу өтүп, жыйынтыгында 2-курстун “Эйнштейний” командасы 123 балл, ал эми  3-курстун “Менделевий” командасын 121 балл топтоп, 2-курстун студенттери жеңишке жетишишти.

         Сабак-викторинанын аягында Г.Молдошева студенттерге жана окутуучуларга өз белектерин тартуулады.

         Өз кезегинде кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова  бүтүрүүчү Г.Молдошевага иштеринде ийгиликтерди каалоо менен “Ыраазычылык катын” тапшырды.

  • Химия кафедрасынын бүтүрүүчүсү Г.Молдошева студенттерге конок сабагын өткөрдү