AVN







МЕН БОЛБОСОМ, АНДА КИМ?

МЕН БОЛБОСОМ, АНДА КИМ?
 Feb 14, 2019  773

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында «Мен болбосом, анда ким!?» аттуу  маалымат жыйыны болуп өттү. Аны ЖАМУнун Жаштар комитети «Эл аралык толеранттуулук үчүн »  фонду менен биргеликте уюштурганын айтты комитеттин төрайымы Алтынай Базарбай.

Бул иш чарага ар кандай коомдук уюмдар, окуу курстары. юридикалык клиникалар келип катышты. Бул жерде Жаштар мүмкүнчүлүктөр туралуу кеңири маалымат алышып, уюмдарга ыктыярчы болуп катталышты. Маалымат жыйынга жалпысынан он үч коомдук уюмдар: (FTI,Youth of Osh,IDEA Central Asia,JEDI,Perspective,Startup centr,Salymbekov business school,Жаш ишкерлер ассосициясы,Ыйык Ата-Журт коомдук жаштар фонду,Справедливость, Элим барсыңбы?, Улуттук Кызыл Ай коому, Развитие молодых граждан,) катышты. Ал эми аймактардан келген жаштар жана ЖАМУнун студенттери менен биргеликте жалпы үч жүзгө жакын жаштар катышты.

Жаштардын дүйнө таанымын ар тараптуу өнүктүрүп, келечекте кесипкөй адис жана мыкты инсан болуп калыптанышы үчүн мындай иш-чараларды уюштуруп келебиз. Алдыда дагы көтгөн иш-пландарыбыз бар” – деди Базарбай.

Акырында келип катышкан жаштар учун атайын кофе брейк уюштурулду.

  • МЕН БОЛБОСОМ, АНДА КИМ?
  • МЕН БОЛБОСОМ, АНДА КИМ?
  • МЕН БОЛБОСОМ, АНДА КИМ?
  • МЕН БОЛБОСОМ, АНДА КИМ?
  • МЕН БОЛБОСОМ, АНДА КИМ?