AVN

Экономикалык-юридикалык факультетинин 2018-2019-жылынын жарым жылдык жыйынтыктары

Экономикалык-юридикалык факультетинин 2018-2019-жылынын жарым жылдык жыйынтыктары
 Feb 13, 2019  735

Ушул жылдын  8-февралында Экономикалык-юридикалык факультетинин жарым жылдык отчету каралды. Кафедра башчылар тарабынан окуу, окуу-методикалык, илимий, тарбиялык иштеринин аткарылышы боюнча отчет жана кафедранын ишмердүүлүгүнүн күчтүү, алсыз жактары, келечектеги ишке ашыра турган иш чаралар бекитилди – дейт факультеттин деканы, профессор Айнура Аскарова.

Факультеттин окуу-усулдук жана сапат кеңешинин төрайымы           Г.С. Жамашева студенттердин мониторингтин жыйынтыгына, ачык лекцияларынын, өз ара катышуунун жаңы критерийлерине токтолуп кетти.

Илимий иштер боюнча жооптуу Г.Б. Абдырахманова факультет илимий иштер боюнча жакшы көрсөткүчтөргө ээ  экендигин баса белгиледи.

Тарбия иштери боюнча жооптуу З. Кошалиева студенттердин куратордук иш пландар боюнча жүргүзүлгөн  маалыматтарга токтолду.

Практика боюнча жооптуу Н. Ражабалиева практикалардын уюштурулушу боюнча конференцияларына даярдык боюнча маалымат берди.

2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы менен кафедралар төмөнкүдөй “Диплом” менен сыйланышты: “Окуу иштериндеги жетишкендик” боюнча “Экономика жана бухгалтердик эсеп” кафедрасы, ”Илимий иштериндеги жетишкендик” жана “Иш чара өткөрүүдө массалык маалымат жана социалдык тармактарга жайгаштыруу” боюнча “Финансы жана кредит” кафедрасы, “Студенттерге татыктуу тарбия-таалим берүүдөгү” жүргүзгөн иштери боюнча “Жарандык укук жана адвокатура” кафедрасы.

  • Экономикалык-юридикалык факультетинин 2018-2019-жылынын жарым жылдык жыйынтыктары