AVN







ПРАКТИКАНТТАР МЕКТЕПТЕРДЕ...

ПРАКТИКАНТТАР МЕКТЕПТЕРДЕ...
 Feb 13, 2019  601

ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан ар жылы ушул багытта билим алып жаткан студенттер шаардагы мектептерге өдүрүштүк практикага чыгышып, теориялык өз билимдерин практика менен айкалыштырып үйрөнүп келишет.

          Бул окуу жылында өзгөчөлөнүп, ЖАМУнун аймактардагы билим берүү бөлүмдөрү менен түзгөн келишимдерине ылайык Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун мектептерине Кесиптик-профилдик практикага чыгышты. Алардын практика мезгилиндеги аткарып жаткан иштеринин абалы менен таанышып, аларга ар кандай методикалык кеңештерин берип келүү максатында кафедра тарабынан методист педагогдор иш сапарында болушту. Кафедранын доценти К.М. Ураимов, окутуучу                               А.К. Шишкараевалар Ноокен районундагы мектептерде болушса, профессор С. Сакиева баштаган топ Жалал-Абад шаарындагы, Сузак, Базар-Коргон райондорундагы мектептерде болушуп,  практиканттардын сабактарына катышып, аларга методикалык кеп-кеңештерин айтышты, окуучулар жана мектеп жамааты менен жолугушуу мезгилинде ЖАМУда даярдалып жаткан адистер жөнүндөгү ойлоруна күбө болушту.

     Мектептин жамааты жана окуучулар ЖАМУ- областыбыздагы эң алдыңкы, баалуу окуу жайлардан экендигин айтышат. Алар биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик даярдыгына, интеллектуалдык денгээлине ыраазы экендигин жашырышпайт. ЖАМУда даярдалып жаткан келечектеги ар бир башталгыч класстын мугалимдеринин көрсөткүчү биздин ишибиздин натыйжасы экендигин баса белгилеп кеткибиз келет. Алар биз күткөн көрсөткүчтөргө студент-практикант мезгилинде эле жетишип жатышканы ЖАМУ үчүн да, биз үчүн да кубанаарлык саамалык. ЖАМУ- келечекке карай даңгыр жол!

  • ПРАКТИКАНТТАР МЕКТЕПТЕРДЕ...
  • ПРАКТИКАНТТАР МЕКТЕПТЕРДЕ...
  • ПРАКТИКАНТТАР МЕКТЕПТЕРДЕ...
  • ПРАКТИКАНТТАР МЕКТЕПТЕРДЕ...